ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов финансы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардык финансы жана экономика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 

Өз сөзүндө шаар башчысы, “Баардык мекеме-уюмдардын иштериндеги ийгиликтер жана жетишкендиктер финансы кызматкерлеринин кесиптик чеберчилиги менен тыгыз байланыштуу. Сиздердин шаарыбыздын жана өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн кылган эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем. Баардыгыңыздарга бакубаттуулук, тынчтык, ден-соолук жана иштериңиздерге ийгилик каалайм”,- деди.
 
Иш-чаранын соңунда өз эмгегинде артыкчылыкка ээ болгон финансы кызматкерлерине Ардак Грамоталар жана Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгилери тапшырылды.