Бишкек шаардык Кеңешинин V сессиясы өтүүдө
Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык Кеңешинин кезектеги бешинчи сессисы өз ишин баштады.
Күн тартибине 15 маселе коюлду:
- Бишкек шаардык Кеңешинин “Бишкек шаарынын 2012-жылга бюджетин бекитүү жана 2012-2014-жылдарга божомолдору жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү;
- “2012-2014-жылдары Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча 2013-жылдын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө”;
- “Березовая роща” багына шаар курулуш ишмердигинен көз карандысыз кичирайондук бак статусун берүү жөнүндө.
Сессияга Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов, вице-мэрлер, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |