ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте май айында 15 кичи автобус жумуштан четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын көзөмөлдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-майынан 27-майына чейин текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 15 кичи автобус, кемчиликтерин жойгонго чейин  жумуштан четтетилди.
 
Азыркы учурда кичи автобустар менен иш алып баруу күчөтүлүүдө.
 
Аталган мезгилде төмөнкү ишканалардын кичи автобустары иштен четтетилди: 
 
 «Акжолтой» ЖЧК (№№ 169, 164,107, 147,110); «Ника плюс» ЖЧК (№ 216);  БАТП  «Лига» ЖЧК (№№143,139); «Трансгрупп-Коммуникейшн» ЖЧК (№ 136); «Кулатай-Компани» ЖЧК (№103); «Батырхан-Мурагер» ЖЧК (№132).