ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов апрель революциясынын баатыры Э.Керимовдун мемориалдык тактасынын ачылышына катышты

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 2010-жылкы апрель революциясынын баатыры Элдияр Керимовдун мемориалдык тактасынын ачылышына катышты.

 

Элдияр өз элинин эркиндигин, демократиянын принциптерин коргоодо окко учкан. Ал 19 гана жашта эле, 2010-жылдын июнь айында 20 жашка толмок.
 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын эмгек, жаштар жана иш менен камсыз кылуу министри А.Алымкулов катышты.
 
“Апрель революциясынын баатырларынын аттары элибиздин тарыхында түбөлүккө сакталат. Элдияр – ошол баатырларыбыздын бири. Анын өз элинин эркиндиги, келечеги үчүн көрсөткөн эрдиги патриоттуулуктун, Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү. Кыргыз эли өз баатырларын эч качан унутпайт, бүгүнкү мемориалдык тактанын ачылышы баатырлардын атын түбөлүккө калтыруу кадамдарынын бири”,- деди шаар башчысы өз сөзүндө.
 
Иш-чарага катышкандар апрель революциясынын баатыры Элдияр Керимовдун жаркын элесин эскеришти жана эл баатырларынын өз Мекенинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшү эч качан унутулбастыгын белгилешти.