ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаменти жыл башынан бери жеке турак-жай куруу тармагында катталган мыйзамсыз куруулар боюнча 439 эскертүү берди

2013-жылдын 1-январынан 30-майына чейин Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаменти жеке турак-жай куруу тармагында катталган мыйзамсыз куруулар  боюнча 439 эскертүү берди. Анын ичинен: 287 эскертүү аткарылды, 146 кепилдик милдеттенмелер берилди, 9 курулуш убактылуу токтотулду, 35 обьект пайдаланууга берилди жана укук коргоо органдарына 12 кат жиберилди деп билдиришет Департаменттен.

 

Аталаган мезгилде эскертүүлөрдүн аткарылбагандыгы боюнча 80 протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлгөн жана 66 чечим чыккан.
 
101 обьект бузулган. Анын ичинен: 11 убактылуу жашоочу үй курулуштары, 11 чарбалык куруулар, 3 кошумча куруулар, 71 короо-жай куруулары.
 
Соттун токтому менен 26 обьект, тургундардын өз ыктыяры менен 75 обьект бузулду.