ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында көчө маданиятынын «Street fest 3» фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясындакөчө маданиятынын «Street fest 3» фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Шаар башчысы Иса Өмүркулов жеңүүчүлөрдү куттуктап, фестивалдын активдүү катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

 

“Шаар мэриясы көчө маданиятынын өсүшү үчүн тиешелүү чаралардын баардыгын иштейт. Мен шаар жетекчиси катары, фестивалдын жыл сайын өтүшү үчүн аракет кылам. Келечекте фестивалга Кыргызстандандан тышкары чет өлкөлөрдөн да катышуучулар келип турушат. Фестивалда таланттуулар өз өнөрлөрүн көрсөтө алышат”,-деди шаар башчысы. Мындан ары, фестивалдын уюштуруучулары иш-чаранын программасын кеңейтип, көп түрлүү кылуунун үстүндө иштеши керек. Фестивалды өткөрүүдө колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Жеке ишкерлерди мындан ары да колдоо көрсөтүүгө чакыруу менен шаар мэриясы фестивалды каржылайт деп кошумчалады И.Өмүркулов.
 
Фестивалдын 13 жеңүүчүсү (попинг, паркур, хип-хоп, граффити, Шоу Кейс, роллерс, БЭМИКС, бит бокс ж.б. түрлөрү боюнча) шаар башчысынын колунан "STREET FEST 3" мрамор кубогун, акчалай сыйлыктарды, грамоталарды жана белектерди алышты.
 
Быйылкы жылы шаар мэриясы экинчи жолу фестивалдын өтүшүнө колдоо көрсөтүп жатат. Бул жолу шаардык бюджеттен фестивалды өткөрүүгө 350 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.
 
Кошумча маалымат: Биринчи жолу көчө маданиятынын «Street Fest» фестивалы 2010-жылы, экинчи жолу 2012-жылдын 13-октябрында өткөрүлгөн.