ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1-июнда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын борбордук аянтынан 90 куб өлчөмүндөгү таштандыларды чыгарышты

1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн майрамдоодон кийин, баш калаанын “Ала-Тоо” аянтынан жана жакынкы көчөлөрдөн таштандыларды тазалоо үчүн 2 жүк ташуучу автоунаа, 4 таштандыларды чыгаруучу автоунаа жана 80 адам иштешти.

 

“Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан, борбордук аянттан жана ага жакын көчөлөрдөн, жалпысынан 90 куб өлчөмүндөгү таштандылар чыгарылды.
 
Ишкана кызматкерлери шаарды тазалоо иштерин саат 16-00до башташты, тазалоо иштери саат 23-00дон түнкү саат 2-30га чейин улантылды. Андан тышкары, 1-июнь күнү 2 атайын техникалык каражат аянтты жана көчөлөрдү жуушту, ага 32 куб өлчөмүндө суу сарпталды.
 
Фрунзе, Абдымомунов, Киев, Токтогул, Москва, Совет, Тыныстанов, Раззаков, Орозбеков, Панфилов, Логвиненко көчөлөрү жана Чүй проспектиси жуулду.
 
2-июнь күнү көчө маданиятынын Street fest 3 фестивалы өткөрүлгөндөн кийин аянттан жана көчөлөрдөн 30 куб өлчөмүндөгү таштандылар чыгарылды.