ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов балдарды 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

 

Шаар башчысы И.Өмүркулов балдарга ден-соолук, бакыт-таалай каалап, балдардын майрамы жана жайдын алгачкы күнү менен куттуктады.
 
“Балдарыбызга кандай камкордук көрсөк, өлкөбүздүн келечеги ошого байланыштуу болот. Биздин чакан өлкөбүздө 11 миңден ашуун жетим балдар бар. Биз балдарыбыздын таза саламатчылыкта өсүп, жан дүйнөсүнүн чар тараптуу, аң сезиминин бийик болушу үчүн баардык шарттарды түзүп беришибиз керек”,- деди шаар башчысы.
 
Майрамдык иш-чара балдар чыгармачылык жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен улантылды.
 
Майрамдык иш-чараны Маша аттуу кыздын өнөрү  көркөмдөдү. Ал улуттук бир нече аспаптарда соңку аранжировкадагы чыгармаларды ойноду. Андан соң, бий ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
 
Иш-чаранын аягында социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына, окуунун алдыңкыларына, олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө, жалпысынан 1 200 балага белек-бечкектер тапшырылды.
 
Балдар үчүн уюштурулган майрамдык иш-чаралар шаардын баардык парктарында, бактарында, эс алуу борборлорунда райондук администрациялар тарабынан өткөрүлөт.
 
Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, эски аянтта саат 10-00дон 14-00го чейин спорттук иш-чараларды өткөрүүдө. Иш-чаранын активдүү катышуучулары жана мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.