ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2-июнда шаардын эски аянтында Street fest 3 көчө маданиятынын фестивалы өтөт

 

 

2-июнда Бишкектин эски аянтында кезектеги Street fest 3 көчө маданиятынын фестивалы өткөрүлөт.

 

Фестивалдын программасына: скейтинг, граффити, брейк-данс, паркур, фристайл, битбокс сыяктуу көчө маданиятынын түрлөрү, ошондой эле, жаш музыкалык топтордун жана сүрөтчүлөрдүн кароо-сынактары киригизилген.
 
Көчө маданиятынын аталган түрлөрү боюнча кызыктуу мелдештер уюштурулуп, аларды өткөрүүгө аянтчалар бөлүнүп берилет. Ал эми сүрөтчүлөр өздөрүнүн чыгармачылыгын, талантын көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк алышат.
 
Фестивалга республиканын баардык облустарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 14 жаштан 29 жашка чейинки жаштар катышат. Фестиваль жаштарга өз мүмкүнчүлүктөрүн, талантын сынап, спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча чоң мелдештерге катышуу үчүн даярдык көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
 
Фестивалга 11000 адам катышат деп билдиришет уюштуруучулар. Фестиваль саат 10-00дон 23-00го чейин өткөрүлөт.