Бүгүн балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык концерт өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 30.05.2013 12:11
Бүгүн, 30-майда балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык концерт өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты.
Куттуктоо сөзүндө, шаар башчысы балдарга чың ден-соолук, ачык маанай, көңүлдүү эс алууну каалады. “Бишкек мэриясы тарабынан жайкы эс алуу мезгилинде маданий-массалык, спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Шаардан театр, музей, бассейндери силерди күтүп алышат. Ата-энелер, чоң ата-чоң энелериңер менен бирге келип эс алсаңар болот. 1-сентябрда жаңы күч менен мектепке келесиңер”,- деди И.Өмүркулов.
Ошону менен бирге, шаар башчысы ата-энелерге, өз эмгегин балдарды тарбиялоого арнаган педагогдорго ыраазычылык билдирди.
Аталган иш-чарага шаардын атайын билим берүү мекемелеринен, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык колдоого муктаж, афган согушунун катышуучуларынын үй-бүлөлүрүнөн 650 бала катышты.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө балдарга окуу куралдары, бал муздак жана таттуу белектер тапшырылды. Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө шаардык бюджеттен 250 миң сом каралган.
Ушундай эле иш-чаралар шаардын райондук администрациялары тарабынан да өткөрүлөт. Иш-чараларда балдарга материалдык жардамдар көрсөтүлүп, белектер тапшырылат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |