ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кеңешмеси өткөн мезгилде жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Аэропорт “Манас” унаажолунда жана Бишкек шаары боюнча 27-29-май күндөрү жол кыймылына кыска мөөнөттөгү, убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул жөнүндө Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Жол кыймылына чектөөлөрдү киргизүү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кеңешмесинин өтүшүнө жана расмий делегациялардын жолтоосуз жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу менен байланышкан.
 
Жол кыймылына чектөөлөр Фучик көчөсү, Жибек Жолу, Манас, Тынчтык жана Чүй проспектилери боюнча киргизилет.
 

Кыргыз Республикасынын ИИМнин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы, өткөрүлүп жаткан иш-чаранын эл аралык маанисин эске алуу менен, шаардыктардан жана шаар меймандарынан аталган маршруттар боюнча жол жүрүүнү кыскартууну жана башка маршруттарда жүрүүнү сунуштайт.