Бишкекте өтмө жолдордун жээгине гүлдөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат
- Подробности
- Опубликовано 27.05.2013 13:03
Баш калаанын Ибраимов, Шабдан Баатыр, Совет көчөлөрүндө жана Манас проспектинде жол жээгиндеги геотосмолорго гүлдөр отургузулууда.
Ошондой эле Ден Сяопин, Чүй-Манас, Чүй-Совет жана Ахунбаев көчөлөрүндө челектерге гүл отургузуу аяктады.
Шаар боюнча 4 гүл пирамидалары болсо, “Айчүрөк” БУМдун жанындагы, Чүй-Тынчтык проспетилеринин кесилишиндеги пирамидаларга гүлдөр толук отургузулду жана калган пирамидаларда иштер жүргүзүлүүдө.
“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, гүлдөрдү сугаруу иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Сугат иштерине сугаруу техникалык каражаттарынын 12 бирдиги күн сайын иштеп жатат. Алардын 4 “Жашылдандыруу курулуш”, 8 “Тазалык” муниципалдык ишканасына таандык.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |