Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар “Манас” эпосу менен таанышышат
- Подробности
- Опубликовано 25.05.2013 13:39
Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелеген балдардын калыптандыруу борборунда “Манас” эпосуна арналган иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чара балдарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.
Борбордун кызматкерлеринин жана балдардын күчү менен концерттик программа даярдалып, “Манас” эпосу боюнча сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чаранын соңунда балдарга майрамдык түшкү тамак берилди.
“Манас” эпосу – элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөдөгү эң көлөмдүү чыгармасы жана милииондон ашуун саптан турары белгиленет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |