ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууларды аныкташууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы Ленин району боюнча кезектеги рейдди уюштурду. Рейддин жүрүшүндө Түштүк магистралы боюнча Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин батыш тарабына “Дост-Строй” ЖЧК тиешелүү 63 93 ВВ мамлекеттик номурлуу ГАЗ 53 үлгүсүндөгү автоунаа канализация тармагына керектен чыккан суюк заттарды төгүп тургандыгы аныкталды. Бул – шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузгандыкка жатат.
Рейддин жыйынтыгында, СЭИ тарабынан “Дост-Строй” ЖЧК директору Н.Кичинебатыровдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489 – беренеси боюнча протокол толтурулуп, чара колдонуу үчүн Ленин райондук административдик комиссиясына жиберилди.