ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгы маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы, “Мен репортермун” рубрикасына шаар тургуну Динанын №164-кичи автобус боюнча жиберген сүрөттөрүн карап чыгып, башкармалыктын кызматкерлери “Акжолтой” Ачык акционердик коомунун №164-маршрутунун ишин текшерип чыгышты.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, № В 53 91 S мамлекеттик номурлуу №164-кичиавтобустун техникалык абалы талапка жооп бербейт деп табылып, Шаардык транспорт башкармалыгынын 2013-жылдын 23-майдагы №16-буйругу менен кичи автобустун айдоочусу жумуштан бошотулду. Аталган маршруттун бригадирине техникалык талаптарга жооп бербеген кичи автобусту ишке чыгаргандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
 
№164-маршруттун иши Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынды.