Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 25-майында окуу жылынын аякташына арналган “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 22.05.2013 16:47
25-майда саат 9-00до шаардык мектептерде окуу жылынын аякташына арналган “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары өткөрүлөт. Быйылкы окуу жылында шаардык мектептерди 11-класстын 4573 окуучусу, 9-класстын 9108 окуучусу аяктоодо.
Салтанаттуу иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Райондук билим берүү борборлору тарабынан мектептерде жооптуу кызматкерлер дайындалат.
2013-жылдын 25-майында жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору жана райондук кызматтардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматтары менен биргеликте тартипти сактоо боюнча бүтүрүүчүлөр, ата-энелер менен иш-чаралар алынып барылат. Салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлгөн күнү ата-энелер коомчулугу бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликте экендиги мектеп администрациялары тарабынан эскертилди.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 18.04.2013-жылдагы №201/1 жана Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын 19.04.2013-жылдагы №167/4-буйругу менен жалпы билим берүү мекемелеринин директорлоруна бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда кафе, ресторандарда, жаратылышка чыгып шаан-шөкөттөрдү жана башка иш-чараларды уюштурууга тыйюу салынаары эскертилди.
3-июндан 22-июнга чейин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 5 предметтен мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестация өткөрүлөт, анын ичинен 4 предмет милдеттүү жана 1 предмет тандоо боюнча. 3-18-июда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предметтен мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестация өткөрүлөт.
Малекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациядан кийин 2013-жылдын 24-июнунда саат 10-00до аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу жана 2013-жылдын 20-июнунда саат 10-00до 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу иш-чаралары өткөрүлөт.
2013-жылдын 24-июнунда саат 14-00до өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар жана медаль ээлеринин салтанаттуу иш-чарасы Бишкек шаарынын мэри И,Ш. Өмүркуловдун катышуусу менен өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |