ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы светофор обьектилерине көрүүсү начар адамдар үчүн үн коштоочу жабдуулардын орнотулушу жөнүндө маалымат берет.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматысветофор обьектилерине көрүүсү начар адамдар үчүн үн коштоочу жабдуулардын орнотулушу жөнүндө маалымат берет.

 
Үн коштоочу жабдуулар 2013-жылдын 13-майында Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Ал жерде бир ай бою көрүүсү начар жарандардын катышуусунда тесттик сыноолор өткөрүлөт.
 
Бүгүнкү күнү “Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жай 1.20” жана “Азиз жөө жүрүүчүлөр 7.15” жол белгилери жети жол кесилишине коюлду. Бул жол кесилиштериндеги белгилер айдоочуларга эскертүү катары коюлган. Жол кесилиштери Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматтары менен макулдашылып, бекитилген.
 
Алар:
 
1. Юнусалиев – Сухе-Батор көчөлөрү                                                                                         
2. Панфилов – Горький көч.                                                                                           
3. Манас просп. – Бөкөнбаев көч.
4.Бөкөнбаев – Турусбеков көч.                             
5. Фучик – Москва көч.                                                                                                    
6. Жибек Жолу просп. – Исанов көч.                                                                             
7. Жибек Жолу просп. – Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиштери
 
Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү жана бирдей шарттарды түзүү максатында КР ИИМнин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы жана “Плюс” коомдук фонду тарабынан келишим түзүлүп, шаардын 10 светофордук обьектилерине үн коштоочу жабдуулар орнотулат. Келишимдин шарттары боюнча баардык чыгымдарды “Плюс” коомдук фонду өзүнө алат.
 
Көрүүсү начар адамдар үчүн үн коштоочу жабдуулар төмөнкү жол кесилиштерине коюлат:
 
1) Манас пр.– Боконбаев көч.
2) Юнусалиев – Сухэ Батора
3) Бейшеналиева  –Чүй пр.
4) Москва –Логвиненко көч.
5) Ахунбаев –Байтиек Баатыр көч.
6) Сүйөркулов –Юнусалиев көч.
7) Жибек Жолу просп. –Тоголок Молдо көч.
8) Жибек Жолу просп. –Манаса пр.
9)Жибек Жолу просп. –Курманжан Датка көчөлөрү