ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Студенттердин чыгармачылыгынын «Бишкек жазы-2013» ХI фестивалынын жыйынтыктары

Бишкек шаарынын маданият жана туризм башкармалыгы 2013-жылдын 14-15-16-майында «Күжүрмөндүүлүк жылына» карата РУБЖ «Сейтек» борборунда студенттердин чыгармачылыгынын «Бишкек жазы-2013» ХI фестивалын өткөрдү.
 
Бул студенттик фестиваль жаштарды Ата-Мекенди сүйүүгө, өлкөнүн келечектүү өзөгүн түзүүгө, адеп-ахлактык, руханий байлыгын арттырууга багытталган.
 
Фестивалга Бишкек шаарынын жогорку жана орто окуу жайларынын 19 коллективи катышып, бир жарым миңден ашык студенттер 300гө жакын номер көрсөтүшкөн. Ага Кыргыз Республикасынын эл артисти, академик, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын ректору М.Бегалиев башында турган  калыстар тобу баа беришти жана мыктыларын ылгап алышты. Алардын ичинен мыктылардын мыктысы болуп төмөндөгү коллективдер аталды:
                       
ГРАН-ПРИ
·        Б.Ельцин атындагы Кыргыз- Орус Славян университети;
·        К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университети;
1-     ОРУН
·        М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университети;
2-     ОРУН
·        М.Кашгари атындагы Чыгыш университети;
·        И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясы;
3-     ОРУН
·        И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети;
·        Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети.
 

Фестивалдын лауреаттары менен жеңүүчүлөрү 2013-жылдын 23-майында, саат 14:00дө Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү гала-концертте диплом, грамота жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.