ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тартуга” эс алуу борборунун айланасында санитардык эрежелер сакталбайт

СЭИ кызматкерлери, шаардын Биринчи Май району боюнча жүргүзүлгөн кезектеги рейдде, Малдыбаев Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Тартуга” эс алуу борборунун айланасында шаарды көрктөндүрүүнүн жана санитардык эрежелердин бузулушун аныкташты.
 
Эс алуу борборунун айланасында курулуш жана тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйылган, сугат арыктары таштандылар менен толтурулуган жана борбордун тегереги антисанитардык абалда кармалат.
 
Мындан тышкары, Дэн-Сяопин проспектисинде жайгашкан №443-үйдүн жанына инерттик материалдар кармалчу контейнер коюлган, ал жер да антисанитардык абалда кармалат.
 

Рейддин жыйынтыгы боюнча “Тартуга” эс алуу борборунун директорунун жана контейнердин ээсинин атына протоколдор толтурулуп, Биринчи Май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.