Шаардын медицина кызматкерлери “Энелер күнүн” белгилешет
- Подробности
- Опубликовано 21.05.2013 12:19
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында 2013-жылдын 21-майында саат 16-00до “Энелер күнү” белгиленет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти саламаттык сактоо тармагында эмгектенген көп балалуу энелерди майрамдары менен куттуктап, баалуу сыйлыктарды тапшырат.
“Энелер күнүнүн” алкагында, Саламаттыкты сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 6-майынан 25-майына чейин баардык медициналык мекемелерде аялдарды акысыз медициналык кароолордон өткөрүүдө. Ошону менен бирге Ачык эшиктер күндөрү уюштурулуп, адистердин кеңештери, ЭКГ, УЗИ, флюорографиялык жана кандын, зааранын анализин изилдөөдөн өткөрүүлөр жүргүзүлүүдө. Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды үйлөрүнөн кароо уюштурулган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |