“Келечек” конушунда мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу жүргүзүлдү
- Подробности
- Опубликовано 17.05.2013 17:27
Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан көчөлөргө тиешелүү жерлерге мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери жүргүзүлдү.
Жалпысынан 41 объект бузулду, алардын ичинде, короо тосмолору, дүкөндөр, үй чарбасына тиешелүү курулуштар бар.
Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан “Келечек” конушундагы мыйзамсыз курулган объектилер боюнча төмөнкү чаралар колдонулду:
- Свердлов райондук сотунун кароосуна 7 жазма эскертүү жөнөтүлдү;
- Бузууларды өз ыктыяры менен жүргүзүүгө 11 кепилдик кат жазылды;
- КР административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 454, 468- беренелерине ылайык 23 мыйзамсыз курулган объектини баштапкы калыбына келтирүү боюнча соттун чечими чыгарылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |