ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын бокс боюнча курама командасы окуучулардын республикалык спартакиадасында жеңишке жетишти

10-майдан 14-майга чейин Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясында өткөн окуучулардын республикалык спартакиадасында Бишкек шаарынын бокс боюнча курама командасы жеңишке жетишти.
 
Спартакиадага республиканын жети областынан жана Бишкек шаарынан 77 жаш боксерлор катышты.
 
Төрт күндүк мелдештердин жыйынтыгында биринчи орунду Бишкек шаарынын, экинчи орунду Жалал-Абад облусунун жана үчүнчү орунду Чүй облусунун курама командалары жеңип алышты.
 
Ал эми, жеке биринчиликте Рахманкул Аватов, Сирожиддин Абдуллаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Эржан Тургунбеков, Самат Жусупов, Адилет Батыралиев, Аслан Абаев, Канат Матеков, Арслан Юлдашбаев жана Алмамбет Абидинов алтын медалга ээ болушту.