ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 16-майда кызматтык бош орудардын жана кесиптердин жарманкеси өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте жумушсуздар, студенттер жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кызматтык бош орундардын жана кесиптердин жарманкесин уюштурат.
 
 Жарманке 2013-жылдын 16-майында саат 10-00до Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлөт (Тынчтык проспекти, 27). Жарманкеге 4 билим берүү борбору, “Кока-Кола Ботлерс Бишкек” ЖАК, “Бегемот” ЖЧК, “Шоро” ААК, «Кыргызмемебель» АК, шаардык мектептер, Биринчи Май райондук социалдык коргоо башкармалыгы, “Жанат” мейманканасы, “Жаштык” балдар чыгармачылыгынын билим берүү борбору, “Таттуу” ЖЧК, “Лондон скул” ЖЧК, Темир бетон заводу,  жалпысынан 24 мекеме-уюмдар катышат.
 
 Шаардыктарга 4 000ден ашык бош жумушчу орундар сунушталат. Жарманкеден студенттер өндүрүштүк практикаларын өтүү мүмкүнчүлүгүн табышат. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын сунушталчы кызматтары менен тааныша алышат. Ал эми, К.Карасаев атындагы БГУ окуу жайга кабыл алуу шарттары жана 40 жакын кесиптин түрлөрү менен тааныштырат.
 

 Жарманкеге бардык каалоочулар катыша алышат. Кененирээк маалыматты btm.kg  сайтынан алууга болот.