Баш калаада 11-12-майда 350,0 га жердеги бак-дарактар дарылоодон өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 13.05.2013 10:00
Баш калаада бак-дарактарды жана жашыл массивди зыянкечтерден дарылоо иштери 10-майда саат 22-00 башталган.
Иш-чаралар “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти тарабынан жүргүзүлүп, күнүгө адистештирилген техникалардын 11-12 бирдиги иштөөдө.
Иштер Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын окмуштууларынын көзөмөлүндө аткарылууда.
11-12-майда 350,0 га жердеги бак-дарактар дарылоодон өткөрүлдү, анын ичинен:
Ленин району боюнча, Москва – Жаш Гвардия бульвары – Манас – Тынчтык проспекти – Ала-Арча суусунун жээги – Бакаев – Гагарин көчөлөрүндөгү;
Октябрь району боюнча, Ахунбаев – Токтоналиев – Түштүк магистралы – Тынчтык проспекти жана Жеңиш паркынын айланасындагы;
Биринчи Май району боюнча, Эркиндик бульвары – Жибек Жолу – Москва – Логвиненко – Чүй проспекти – Манас – Абдрахманов көчөлөрүндөгү;
Свердлов району боюнча, Абдрахманов – Жибек Жолу – Ибраимов – темир жол жээги – Чүй проспекти – Ибраимов – Аламүдүн суусунун жээги Жибек Жолу – Ибраимов – Сүйүмбаев көчөлөрүндөгү бак-дарактар жана жашыл массив дарылоодон өткөрүлдү.
Дарылоо иштерин май айынын аягына чейин аяктоо белгиленген.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |