ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев ЖМК жолдордун абалы жөнүндө интервью берди

“Бүгүгн биз шаар жолдорунда жүрүп жаткан иштер менен таанышып чыктык. Иш жүргүзүлбөй жатат деп айтууга болбойт. Бүгүнкү күндө жолдордун 80% оңдоого муктаж. Ошондуктан үзгүлтүксүз иш алып баруу талап кылынат”,- деди Өкмөт башчы рейдди жыйынтыктоодо.
 
Жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берүү менен, премьер-министр иш процессин тездетүүнү белгиледи.
 
“Оңдоо иштеринин сапатына баа берүү кыйын, жаңы курулган жолдун иштөө мөөнөтү 18 жылды түзсө, биздин жолдор акыркы 20 жылда калыбына келтирилген эмес. Республикада бетондук технология өздөштүрүлгөн эмес, бүл багыттагы алгачкы аракеттер ийгиликсиз болду”,- дейт Ж.Сатыбалдиев. Ошону менен бирге ал Салиев көчөсүндөгү жолду оңдоо иштерине да токтолду.
 

 Өз кезегинде шаар мэри, Салиев көчөсүндө жолду оңдоо иштери аяктай элек, жол пайдалануу үчүн кабыл алына элек, азырынчы баа берүү эртерээктигин белгиледи.