Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев шаар жолдорун оңдоо иштери менен таанышып чыкты
- Подробности
- Опубликовано 08.05.2013 16:48
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев Түркия кредитинин алкагында жүргүзүлүп жаткан шаар жолдорун оңдоо иштери менен таанышып чыкты.
Азыркы учурда Токомбаев көчөсү боюнча Совет көчөсүнөн Сухе-Батор көчөсүнө чейин инженердик коммуникациялар боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 15-майдан тартып узундугу 1,6 км. жолго асфальт төшөө башталат. Жолдун туурасы 12 метрге чейин кеңейтилди. Жолду куруу иштерин “Грандстар” фирмасы жүргүзүүдө.
Аталган жолго үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин эки катмарлуу асфальт төшөө жөнүндө шаар башчысы Иса Өмүркулов тапшырма берген. Асфальттын биринчи катмары 7 см., экинчи катмары 5 см. түзөт. Даярдоо иштери аяктап, бордюрлар коюлду.
Ж.Сатыбалдиев, жол куруу жана оңдоо иштери жай жүргүзүлүп, шаар тургундары бул жөнүндө кайрылышып жаткандыгын белгиледи жана кытайлык компаниялар күндүр түндүр иштешерин мисал кылды.
“10-апрелде Түркия кредитинин биринчи бөлүгү келип түштү, түзүлгөн график боюнча куруучулар иштерди аткарууга жетишип калышат”,- деп белгиледи шаар башчысы И.Өмүркулов.
Ж.Сатыбалдиев Токомбаев көчөсүндө жол жана көпүрө курулушун толук көрүп чыкты. Аталган көчөдө жол курулушун “Мордорстрой” фирмасы жүргүзүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |