ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Байланышта шаар башчысы

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов “Алиби” гезитинин түз эфиринде уюштурулган маекке катышты.
 
Шаар башчысы шаардыктардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Шаар тургундары негизинен жолдорду оңдоо, жаңы конуштардын инфраструктурасы, жер маселелери, мектептердин жана балдар бакчаларынын курулушу жана башка шаар турмушуна тиешелүү курч суроолор менен кайрылышты.
 

Суроолор интернет жана телефон аркылуу берилди. Шаар башчысы бардык суроолорго толук жооп берди.