Баш калаада декоративдик гүлдөрдүн “Гүлдөр калейдоскобу” көргөзмөсү ачылды
- Подробности
- Опубликовано 08.05.2013 13:29
Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде декоративдик гүлдөрдүн “Гүлдөр калейдоскобу” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова катышты.
Гүлдөр көргөзмөсү үстүбүздөгү жылдын 10-майына, саат 10-00дон 17-00го чейин иштейт. Көргөзмөгө кирүү акысыз. Иш-чара Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналды. Көргөзмө Анна Печереева жетектеген шаардын гүл сүйүүчүлөрүнүн күчү жана Бишкек шаарынын мэриясынын, “Гармония” орус маданий борборунун жана “Казачество Семиречья” коомдук уюмунун колдоосу менен уюштурулду.
Уюштуруучулардын маалыматында, көргөзмөгө 500дөн ашык үй өсүмдүктөрүнүн түрлөрү коюлду. Алардын ичинде: фиалкалар, глоксиниялар, бегонялар, фикустар, агланэмалар, кактустар ж.б. бар.
Көргөзмөгө коюлган үй өсүмдүктөрүнүн баасы 30 сомдон 500 сомго чейин.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |