ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Биринчи Май районунда жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 4-майында Биринчи Май районунда жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке райондук 123 мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынан 1 900 адам катышты. №14-өз алдынча аймактык башкаруунун аймагында Рыскулов көчөсү боюнча “Ала-Арча” суусунун жээги менен “Завод поселогунда” уюшкандыкта иш жүргүзүлдү. Аталган аймактан 36 кубметр таштандылар чыгарылды. №29713-аскер бөлүгү техникалык каражаттары менен жардам көрсөттү.
 
№720-аскер бөлүгүнүн  10 жоокеринин жана 20 медресе окуучуларынын жардамы менен Жибек Жолу жана Малышева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн 60 п/м аралыкта алды тазаланып, Жибек Жолу проспекти боюнча 500 п/м узундуктагы сугаруу тармагы тазаланды.

Ишембиликтин катышуучулары керектүү шаймандар жана башка каражатттар менен камсыздалды.