ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык №120-мектепке чейинки билим берүү мекемесинде катталган окуя боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү

Октябрь районундагы № 120-мектепке чейинки билим берүү мекемесин, бул тармакта 47 жылдык эмгек стажы бар Г.И.Сулова жетектеп келген. Мекемеде учук оорусу менен оорулуу кызматкер аныкталгандан кийин, мекеменин тарбиялануучулары толук текшерүүдөн (мантуга реакция) өткөрүлдү. Текшерүүдөн өтүшкөн 31 баланын анализдери коопсуздуктарды туудурбайт (отрицательные), ал эми 11 бала фтизиатрдын текшерүүсүнөн өтүп, жыйынтыктары таза болуп чыкты.
 
Мекемеде иштеген 20 кызматкер флюрографиялык текшерүүдөн өтүштү жана жыйынтыктары таза деп аныкталды. Азыркы учурда шаардык №6-оорукананын дарыгерлери С.И.Ахматова, фтизиатор Г.В.Васильева оорулуу кызматкер менен байланышта болгон балдарды такай көзөмөлгө алуу жүргүзүлүүдө. Санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан 20.04.2013-жылы мекемени дезинфекциалоо иштери жүргүзүлдү. Ортоңку топтогу балдар бала бакчага үзгүлтүксүз келишүүдө.
 
Ата-энелер жана кызматкерлер арасында учук оорусунун алдын алуу боюнча чогулуштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 16.04.2023-жылдагы №48-буйругу менен, №120-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Суслова Г.И. кызматкерди медициналык кароосуз жумушка кабыл алгандыгы үчүн ишинен бошотулду.
 

Билим берүү башкармалыгынын кеңешмесинде бул маселе кеңири каралып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлерди медициналык кароосуз жумушка кабыл алуу боюнча жеке жоопкерчили буйрук менен милдеттендирилди.