ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада жолдорду реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери улантылууда

Бишкек шаарыны мэриясы түркия насыясынын алкагында жолдорду реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин улантууда.
 
Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан төмөндөгү көчөлөрдө жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө: Токомбаев көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсү боюнча Тынчтык проспектинен Чапаев көчөсүнө жана Муромская көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейин, Чапаев көчөсү боюнча Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, Алыкулов көчөсү боюнча темир жол өтмөсүнөн Дэн-Сяопин проспектине чейин.
 

Аталган жолдор толук реконструкцияланып, капиталдык ремонттон өткөрүлөт.