ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү

Баш калаадаБишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн, Билим берүү башкармалыгынын, Биринчи Май ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Рейд мектеп сабактарына катышпай, компьютердик клубдарда жана кайыр суроого пайдаланылып жүргөн балдарды аныктоо максатына багытталды.

 

Рейддин жүрүшүндө Исанов, Москва, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана Манас, Жибек Жолу, Жаш Гвардия проспектилеринде жайгашкан интернет клубдарында текшерүүлөр жүргүзүлдү.
 
Интернет клубдарда сабакка катышпай жүргөн 11 мектеп окуучусу аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектеп администрацияларына, райондук билим берүү борборлоруна жана окуучулардын ата-энелерине билдирүүлөр жиберилди.
 
Ошону менен бирге, кайыр тилеп жүргөн, жашаган жерлери белгисиз 5 адам жана балдарын кайыр тилөө үчүн пайдаланган аялдар кармалышты.
 
Кармалган адамдардын бардыгы башка облустардан келишкен, алардын биринин да шаарда каттоосу, тиешелүү документтери жок болуп чыкты.
Кармалгандардын экөөсү “Коломто” баш калкалоо (приют) мекемесине жиберилди.
 
Бул багытта рейддерди жүргүзүү май айында да белгиленүүдө.