ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов шаарды жашылдандыруу иштери менен таанышып чыкты

 

 

Бүгүн, 2-майда шаар башчысы И.Өмүркулов “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын гүлдөрдү өстүрүүчү эки оранжереясында болуп, баш калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Ал, шаарды жашылдандыруу аянттарын дагы кеңейтүү жана отургузулган көчөттөрдү сактоо зарылчылыгын белгиледи.

 

Бишкек шаарынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы гүлдөрдү өстүрүүнү эки оранжереяда жүргүзөт:                                                
 
- №1-оранжерея Ташкент көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,02 га;              
- №2-оранжерея Щербаков көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 15,2 га.
 
2013-жылы аталган оранжереяларда ишкана тарабынан 1 200 000 даана бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү өстүрүлдү. Гүлдөрдүн уруктары Чехия өлкөсүнөн (жалпы суммасы 1 592 447 сомго) сатылып алынды.
 
Ассортиментте төмөнкү гүлдөрдүн түрлөрү бар: петуния (35 түрү), тагетес (6 түрү), пелоргония (3 түрү, алисум, арстан гүлү), вербена, георгин (6 түрү), цинния (3 түрү) ж. б.
 
Бишкек шаары боюнча жалпысынан 300 клумбага, жол четтерине жана башка объектилерге 18 түрдөгү 1 005 349 даана бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жалпы чыгымдардын суммасы 35,0 млн сомду түзөт.
 
Бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен башталды. 19-апрелден 29-апрелге чейин Бишкек шаары боюнча 309 020 даана гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду, алардын ичинен:    
                     
- Ленин району боюнча – 61424 даана;                                                                
- Октябрь району боюнча (Ататүрк паркы менен) – 73405 даана;                    
- Биринчи Май району боюнча – 99922 даана;                                                     
- Свердлов району боюнча – 74269 даана.     
                                                  
Булардын ичинен:                      
                                                                     
- “Ала-Тоо” аянтына – 52840 даана (петуня, тагетес, агератум, цинерария),
- Жеңиш аянтына – 55669 даана (петуня, тагетес, агератум, георгин),             
- Жеңиш сейил багына – 45505 даана (петуня, тагетес),                            
- Жаш Гвардия бульварына – 26348 даана (петуня, тагетес, герань, циния),      
- Жаштар Аллеясына – 29485 даана (петуня, тагетес, агератум, цинерария, герань, капуста, алиссум, сальвия).
 
Бир жылдык гүлдөрдөн тышкары, апрель айынын башында Ош Базарынын айланасына, Тыныстанов көчөсү боюнча Театр скверинин айланасына, К.Баялинов атындагы балдар китепканасынын айланасына, Эркиндик бульвары боюнча темир жол бекетинин айланасына 3100 даана роза гүлүнүн көчөттөрү отургузулду. Манас проспекти, Байтик Баатыр, Ибраимов, Шабдан Баатыр көчөлөрүндөгү жол жээктерине гүл отургузуу белгиленүүдө.
 
Ибраимов көчөсү боюнча сугаруу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Сугаруу түтүктөрүнүн сметалык баасы 532,5 миң сом, узундугу 1071 п/м. Бүгүнкү күндө 780 п/м түтүктөр орнотулду.
 
Шаардагы жашыл массивди (бак-дарактар, гүлдөр ж. б.) зыянкечтерден коргоо максатында 5 000 даана желимдүү ферамондор орнотулду. 
 
2013-жылдын 5-майынан кийин бак-дарактарды мурда алынган “Лепитоцид СК-М” (баасы 15,6 млн сом) дарысы менен биодарылоолор башталат.
Май айынын ичинде 3595,2 га аянттагы бак-дарактарга биодарылоо жүргүзүлөт.
 
Дарылоо иштерине жумшалган чыгым 4,2 млн сомду түзөт.
 
Иш-чаралар КР Улуттук илимдер Академиясы менен макулдашылган планга ылайык жүргүзүлөт.