ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова 1-май майрамына жана Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди

Биринчи май эмгекчилердин тилектештигинин Эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы “Тынчтык - 2013” аттуу вело жана жеңил атлетикалык жарыш өткөрөт.

 

Жеңиш күнүнө карата, 3-майда Боордоштор көрстөнүндө согуштун ардагерлеринин, тыл эмгекчилеринин, Россия элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда эскерүү-митинги өткөрүлөт.
 
7-май күнү “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чарага 700гө жакын согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери чакырылган.  Ошондой эле, Жеңиш аянтында гүл чамбарларды коюу аземи болот, ал эми кечинде, 68 адамдын катышуусунда  Жеңиш аянтынан И.В.Панфиловдун эстелигине чейин факел кармап өтүү жүрүшү белгиленүүдө.
 
9-майда Жеңиш аянтында КР Президенти А.Атамбаевдин катышуусунда эскерүү-митинги өтөт. Салтка айланып калгандай аскер ашканасынын боткосу жана фроннттук 100 грамм берилип, аскер ырлары жаңырып турат. Кечки саат 22-00до салют атылмакчы.
 
Иш-чарага 2500-3000ге жакын меймандар чакырылган. Алар согуш ардагерлери жана тыл эмгекчилери. Мындан тышкары жаштар арсында патриоттулукту тарбиялоо максатында 1000ге жакын мектеп окуучулары катышат.
 
Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүгө шаардык бюджеттен 10 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.
 
Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучуларына бир жолку материалдык жардам катары 5 000 сомдон, тыл эмгекчилерине 3 000 сомдон берилет.
 
7-8-май күндөрү Мамлекеттик тарых музейинде сейрек кездешчи үй гулдөрүнүн жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү өткөрүлөт, бул иш-чаралар да Улуу Жеңиш күнүнө арналат.