Баш калаада мугалимдердин “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” аттуу кароо-сынагынын I этабы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 30.04.2013 16:42
Бишкекте 2013-жылдын 16-апрелинен 24-апрелине чейин жыл сайын өтүүчү мугалимдердин кесиптик чеберчилиги боюнча “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” аттуу шаардык кароо-сынагынын I этабы өткөрүлдү.
Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, кароо-сынактын максаты болуп, эффективдүү иштеген мугалимдерди аныктоо, алардын чыгармачылык дараметин өстүрүү, алдыңкы педагогикалык тажырыйбаны жайылтуу жана мугалимдик кесиптин аброюн жогорулатуу эсептелет.
Кароо-сынак төмөнкү аталмаларда өттү:
- “Мыкты мугалим”;
- “Мыкты жаш мугалим”;
- “Мыкты класс жетекчи”;
- “Мыкты тарбиячы”.
2 тур менен өткөн кароо-сынактын I этабынын жыйынтыгы боюнча, 18 катышуучунун ичинен төмөнкү мугалимдер жеңүүчү деп табылды:
- “Мыкты мугалим” аталмасында 1- орунга Урюпина И.В.-№12-гимназиянын орус тили жана адабияты мугалими, 2-орунга Столярчук Н.Н. - №25-орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими, 3-орунга Мүсүралиева Н.Т.-№69-окуу-тарбия комплексинин география мугалими;
- “Мыкты жаш мугалим” аталмасында 1-орунга Наркозиева Б.А.- №1- Бишкек шаардык интернатынын математика мугалими, Рябченко А.А. №33-гимназиянын орус тили жана адабияты мугалими, 2-орунга Кылжырова А.У. №93-орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, 3-орунга Кадырбекова Б.А. №26-орто мектептин француз тили мугалими;
- “Мыкты класс жетекчи” аталмасында 1-орунга Макарина З.Р. №38-гимназиянын мугалими, 2-орунга Кариева Э.Т. №91-орто мектептин мугалими, 3-орунга Бунина О.Д. №99-гимназиянын мугалими;
- “Жылдын мыкты тарбиячысы” аталмасында 1-орунга Евсюкова О.В. №123- мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, 2-орунга Нарынбаева И.М. №30- мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, 3-орунга Халитова В.К. №22- мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы жетише алышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |