ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Апрель айында Бишкекте 34 кичи автобус иштен четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  кичи автобустардын техникалык, санитардык абалдарын текшерип жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогуралатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
 
Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинен 26-апрелине чейинки мезгилде техникалык жана санитардык эрежелердин талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу 15 кичи автобус иштен четтетилди. Учурда аталган талаптарга жооп бербеген кичи автобустарды маршруттардан четтетүү боюнча иш-чаралар күчөтүлүүдө.
 
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде: “Акжолтой” жоопкерчилиги чектелген коомунун (№№ 164, 173, 169), “Ника Плюс” ЖЧК (№225, 195), “Батырхан Мурагер” ЖЧК (№144, 132), “Лига” ЖЧК (№№102, 129, 139, 161, 176, 179, 200), “Трансгруппкоммуникейшн” ЖЧК (№136) кичи автобустары иштен четтетилди.
 

Иштен четтетилген кичи автобустарга салонду талапка ылайык жабдуу, орундуктарды оңдоо, төшөлгөлөрдү алмаштыруу, кузовду сырдоо, маңдайкы айнектерди алмаштыруу ж.б. талаптар коюлду.