ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчти Май районунда жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү

27-апрелде Биринчи Май районунун аймагында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, райондук Социалдык фонд, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматы, Куралдуу күчтөрдүн К.Үсөнбеков атындагы аскер институту активдүү катышты.

 

Ишембиликтин жүрүшүндө Фрунзе көчөсү боюнча Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектине чейин, Жибек Жолу проспекти боюнча Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов, Тыныстанов, Буурдинская, Темировская, Байтик Батыр, Кулатов, Л.Толстой,  Фатьянов көчөлөрүнө чейин таштандылар чыгарылып, аталган көчөлөр тазаланды.
 
Ал эми аскер институтунун күчү менен ЧЧК жээги боюнча №15 ЖАБтын аймагына таандык, сугат тармактары тазаланып, 12 куб таштанды чыгарылды.
 
Мындан тышкары, 1 000ден ашык дарактар, 1 200 п/метр бордюрлар акталды.
 
Ишембиликке 52 жамааттан 2 400 адам катышып, кошумча техникалык каражаттар тартылды.
 
Ишембиликтерди мындан ары да уюштуруу иштери улантылып жатат.