ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Боордоштор көрстөнүндө Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиш күнүнө арналган эскерүү-митинги өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында саат 10-00до Боордоштор көрстөнүндө Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлөт.

 

Эскерүү-митингине Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмуркулов, Биринчи Май райондук администрация башчысы Аскербек Алиев, Россия, Украина, Беларусь, Казахстан жана Молдова өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу Элчилеринин катышуусу белгиленүүдө.
 
Согуштун ардагерлерине, согуш жылдарындагы тыл эмгекчилерине, Ленинград блокадачыларына, концлагер туткундарына материалдык жардамдарды көрсөтүү максатында Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан 350 миң сом бөлүндү.
 
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда бардыгы болуп 415 Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагери жашайт. Алардын ичинен, 31 согуштун майыбы, 106 согуштун катышуучусу, 268 тыл эмгекчилери, 10 Ленинград блокадачылары.
 
Тактама ирээтинде: согуштан жаракат алгандар республиканын ооруканаларында дарыланып, медициналык жардамдарды алышкан.
248 Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучулары Боордоштор көрстөнүндө жерге коюлган.