ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 27-апрелде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Максим Аммосовдун эстелигине гүл чамбарларды коюу аземи болду

Бүгүн, 27-апрелде Саха Республикасы өзүнүн көз карандысыздык күнүн белгилөөдө. Аталган майрамды белгилөө максатында Бишкек шаарына Якутиядан Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын орун басары Александр Жирков баштаган делегация келди.

Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов жана Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын өкүлдөрү көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Максим Аммосовдун эстелигине гүл чамбарларды коюшту.
 
Максим Аммосов өз мезигилинде кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууда зор кызмат өтөгөн жана бүтүндөй  өмүрүн мамлекеттик ишке арнаган. Анын басып өткөн жолу мекенге чын дилден кызмат кылуунун чоң үлгүсү.
   
Өткөн жылдын 7-декабрында баш калаанын борбордук сейил багында, Максим Аммосовдун туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата эстелик ачылган.

Ал ВКП(б) БКнын көрсөтмөсү боюнча 1937-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын борбору Фрунзе шаарында өтүп жаткан Кыргыз обкомунун VIII пленумуна катышууга келген. Ал эми 22-мартта ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун биринчи катчысы болуп шайланган. Ошол күндөрү жалпы Кыргызстандын Кеңештеринин V съезди өз ишин аяктап, анда М.Аммосовдун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Конститутциясы кабыл алынган. 1937-жылдын июль айында М.Аммосов КП(б) I съездинде Борбордук комитеттин биринчи катчысы болуп шайланган.
1937-жылдын 16-ноябрында жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылдын 28-июлунда Москва шаарында атууга буйрулган.
 
.