ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов шаар жолдорунда жүргүзүлүп жаткан курулуш, оңдоо иштеринин абалы менен таанышып чыкты

Баш калаада жолдорду реконструкциялоого берилген 30 млн. АКШ долларын түрк кредитин иштетүү башталды. Бул каражатка шаардын 10дон ашык жолдору оңдолот. Аталган кредиттин келип түшкөн алгачкы бөлүгү 123 млн. сомду түзөт.

 
Азыркы учурда шаарда жана жаңы конуштарда жолдорду оңдоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов шаар жолдорунда жүргүзүлүп жаткан курулуш, оңдоо иштеринин абалы менен таанышып чыкты жана иштин кечеңдетилип жатканы канаатандырбастыгын, тиешелүү мекемелерден эки сменада, дем алышсыз иштөөнү уюштурууну талап кылды.
 
А.Токомбаев көчөсүндө Байтик Баатыр көчөсүнөн 12 кичи районго чейин жол реконструкцияланып, кош катмарлуу асфальт төшөлөт. Жолдун узундугу 3,2 км түзөт. Ушул эле көчөдө 12 кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин жаңы жол жана көпүрө салынышы белгиленүүдө. Жолдун жалпы узундугу 1 км. ал эми, туурасы 11,25 м түзөт. Мындан тышкары жаңы 1,5 км узундукта тротуарлар салынат.
 
Узундугу 2,8 км., туурасы 8-9 м түзгөн Чапаев көчөсүндө жол 11,5 м чейин  кеңейтилет жана 2-3 м кеңдикте жаңы тротуарлар курулат.
 
Узундугу 4,6 км., туурасы 9-12 м Гагарин көчөсүндө жол 12-15 м чейин кеңейтилет жана 2,25м кеңдиктеги жаңы тротуарлар салынат.
 
Муромская жана Кривоносова көчөлөрүндөгү жолдор Айни көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Жолдун узундугу 1 км., туурасы 9 м., тротуарлар 2,5 м түзөт. Келечекте бул көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл болот.
 
Алыкулов көчөсүндө темир жолдон баштап День-Сяопин проспектине чейин узундугу 1,4 км., туурасы 16 м түзгөн жолдун айрым бөлүгү рконструкцияланат, ал эми айрым бөлүгүнө жаңы жол курулат. Ленин районунун “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштарында 1,4 км узундуктагы жол курулат.
 
Жайыл Баатыр көчөсү боюнча Бах көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин 1,6 км узундуктагы жолдун жарым бөлүгү реконструкцияланат, жарым бөлүгүнө жаңы жол курулат.
 
Чортеков көчөсүндө Муромская көчөсүнөн Түштүк Магистральга чейин 2,6 км узундукта жаңы жол курулат.
 
М.Өмүракунов көчөсү боюнча Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин 733 м узундукта жол курулат.
 
Тилекке каршы, республикалык бюджеттен каржыланган жол курулуштары баштала элек. Бүгүнкү күнү каралган 200 млн. сомдон каражат бөлүнгөн жок.