ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүүө—митинги өткөрүлдү

Бүгүгн, 26-апрелде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүүө—митинги өткөрүлдү.
 
Иш-чара Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловдун, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан мекендештерибиздин, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, Россия, Украина, Беларусиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
 
Кырсыктын кейиштүү залакалары миллиондогон Россиянын гана элине эмес, Кыргызстандын жана башка союздук республикалардын  да элдерине тийди, алардын тагдырларына оор таасир калтырды.
 
“Биздин шаарыбызда Чернобыль кырсыгынын 308 жоюучусу жана алардын жесирлери жашашат, алардын 228и майыптар. Тилсиз жоо менен болгон кармашта көптөгөн мекендештерибиз көз жумгандыгын кайгыруу менен белгилеп кетким келет. Бишкекте атасы же баласы, же өмүрлүк жары ошол кырсыктын кесепеттерин жоюуда өмүрлөрүн кыйган 44 үй-бүлө жашайт. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”,- деди өз сөзүндө И.Өмүркулов.
 
Сөзүнүн аягында шаар башчысы төмөнкүлөрдү кошумчалады: “Сиздердин эрдигиңиздердин натыйжасында Чернобыль кырсыгынан бүтүндөй континент сакталып калды десек жаңылыштык болбойт. Бул эрдигиңиздер жаш муундарды патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялоонун эң чоң үлгүсү болот. Биз сиздердин жашоо шарттыңыздарды жакшыртууга бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Чернобыль кырсыгы, дүйнө элине кырсыктын бардык түрлөрү мамлекеттик чек ара деген эмне, адам деген эмне, ал карыбы же жашпы, жаныбар менен өсүмдүктү айрымалабай аеосуз жок кыларын далилдеди. Буга жакында эле болгон “Фукусима-1” атомдук электр станциясындагы кырсык далил болот. Мындан ары мындай апааттуу кырсыктар эч качан кайталанбасын деген тилек билгизем.
 

2010-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин эсебинен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Чернобыль кырсыгын жоюга катышып майып болгон жарандарга, атомдук кырсыкта майып болгон, катышкан жана каза болгондордун жесирлерине ай сайын төлөнүүчү акча каражаттары каралган.     

 

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жогоруда аталган жарандардын категориясына даректүү социалдык жардамдар жана жеңилдиктер көрсөтүлүп турат. Алар: 

 - абоненттик төлөмдөрдү 100% га  жеңилдетүү;    

- квартал сайын 500 сом өлчөмүндө стипендия төлөө;    

 -квартал сайын Чернобыль кырсыгына катышып каза болгон жарандардын жесирлерине 1 500 сом өлчөмүндө стипендия төлөө;                     - бир жолку материалдык жардамдарды көрсөтүү;  

- акысыз кургак отун (көмүр) менен камсыздоо;  

 -майрам күндөрү шаардык жана райондук деңгээлде иш-чараларды уюштуруп, материалдык жардамдарды көрсөтүп, сыйлуу белектерди тапшырып туруу салтка айланган.      

 

Бул максатта жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 725 миң сом өлчөмүндөгү каражат  жумшалат.