ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Мен - коопсуздук жана укук тартиби үчүн” акциясы өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук адмиистрациясы “Жаш муун - Инсан” кайрымдуулук фонду менен биргелешип “Мен -  коопсуздук жана укук тартиби үчүн” акциясын өткөрөт.  Акциянын максаты жашы жетпегендер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу. Иш - чара убагында төмөнкүлөр аткарылат:
 
-   “Кооптуу муундар:  чындык менен жалгыздык” аттуу сүрөт көргөзмөсү;
-    “Туткун” аттуу тасманы көрсөтүү;
-    Кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Ален Офойо үлгүлүү машыгуу көрсөтөт.
         

Акция 2013 – жылдын 26 – апрелинде  саат 12:30 да “Кара Жыгач” ж/к № 91 орто мектебинин жыйындар залында өтөт. Акцияга райондук администрациянын, “Жаш муун - Инсан” кайрымдуулук фондунун, мектептин администрациясынын, райондук билим берүү борборунун, № 6 МАБ өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору чакырылды жана катышат.