ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаштардын репродуктивдик ден-соолук кызматынан пайдалануусун жакшыртуу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти “Репродуктивдик ден-соолук боюнча Альянс” коомдук бирикмеси менен биргеликте жаштардын репродуктивдик ден-соолук кызматынан пайдалануусун жакшыртуу маселелери боюнча тегерек столдорду өткөрүүдө.

 

№6-үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору №99-кесиптик лицейде аталган темада тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага шаар мэриясынын, Октябрь райондук администрациясынын, Саламаттык сактоо департаментинин өкүлдөрү катышты.
 
Учурда шаардык жаштар Октябрь району боюнча №6-ҮДБ, Свердлов району боюнча №4-ҮДБ жана Ленин району боюнча №2-ҮДБнан кеңеш алыша алат.