ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өспүрүмдөр арасында укук бузуунун алдын алуу жана кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү

 

 

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-апрелинде өспүрүмдөр арасында укук бузуунун алдын алуу жана кароосуз калып, кайыр тилеген балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейдди Бишкек шаарынын мэриясы  райондук администрациялар, укук коргоо органдары жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте өткөрдү.

 

Рейддин жүрүшүндө 10 укук бузган адамдар кармалды, алардын үчөөсү Өзбекстандын жарандары, бирөөсү 5 жашар баласы менен, биринчи топтогу майып, Новопокровка айылынын тургуну, Бишкек шаарына 3 күн мурда келип, туугандарыныкында жашап жүргөн кош бойлуу аял, “Аламүдүн” базарында соода кылган 15 жашар өспүрүм. Мындан тышкары, Тажикстанда туулган үч аял, алардын бири 10 жаштагы небересин кайыр суратуу үчүн пайдаланган, ал эми бирөөсү 10 айлык баласы менен өзү кайыр тилеп жүргөн. Дагы кармалган 4 жашы жетпеген өспүрүм Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келгендер, бирөөсү Милянфан айылынын тургундары болуп чыкты. Алардын бардыгы “Аламүдүн”, “Мадина” базарларында иштеп жүрүшкөндүгү аныкталды.
 
Рейддин жыйынтыктары боюнча жогоруда аталган адамдар, алардын жакындары жана соода түйүндөрүнүн, базарлардын жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Ал эми, кармалаган чет мамлекеттик жарандар боюнча Бишкек шаардык ИИББда тактоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү документтер толтурулууда.