ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

26-апрелде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлөт

26-апрелде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлөт. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри,КР коргоо министри, Россия Федерацисынын,Украинанын, Беларусиянын элчиликтеринин өкүлдөрү жана шаардык мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышат.
 
Мындан тышкары, шаардын райондорунда да иш-чаралар өткөрүлүп, Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга, майыптарга, каза болгондордун жесирлерине  материалдык жардамдар көрсөтүлөт, бул багытта жергиликтүү бюджеттен 765,1 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
 
Учурда Бишкек шаарында 308 ЧАЭС кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан мекендештерибиз жашайт, алардын ичинен 228 адам майыптар, 44 үй-бүлө атасын же баласын жоготушкандар, 36 адам катышкандар, 104 бала катышкандардын балдары.
 
2010-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин эсебинен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Чернобыль кырсыгын жоюга катышып майып болгон жарандарга, атомдук кырсыкта майып болгон, катышкан жана каза болгондордун жесирлерине ай сайын төлөнүүчү акча каражаттары каралган.
 
Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жогоруда аталган жарандардын категориясына даректүү социалдык жардамдар жана жеңилдиктер көрсөтүлүп турат. Алар:       
- абоненттик төлөмдөрдү 100% га  жеңилдетүү;
- квартал сайын 500 сом өлчөмүндө стипендия төлөө;
- квартал сайын Чернобыль кырсыгына катышып каза болгон жарандардын жесирлерине 1 500 сом өлчөмүндө стипендия төлөө;       
- бир жолку материалдык жардамдарды көрсөтүү;     
- акысыз кургак отун (көмүр) менен камсыздоо;       

- майрам күндөрү шаардык жана райондук деңгээлде иш-чараларды уюштуруп, материалдык жардамдарды көрсөтүп, сыйлуу белектерди тапшырып туруу салтка айланган.