ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылы Анкара көчөсүндө жолду реконструкциялоо белгиленүүдө

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Анкара шаарынын муниципалитетинин жана Кызматташуу жана координациялоо боюнча Түркиялык агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү менен жолугушту.
 
Курамы беш адамдан турган делегация Түркиядан Анкара көчөсүндөгү жолдун абалы менен таанышып, жолду реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздөөсүн  түзүү үчүн Бишкекке келген.
 
Түркия тарап үч ай аралыгында жолду изилдөөлөрдү жүргүзүп,  реконструкциялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздөөсүн  түзөт жана тендер өткөрүлгөндөн кийин Анкара көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоо башталат. Тендер Түркияда өткөрүлөт.
 

Анкара көчөсүнүн узундугу 5 км, ал эми туурасы 15 м түзөт. Жолду реконструкциялоого тротуарларды, сугат арыктарын куруу жана тышкы жарык берүү каражаттарын орнотуу да кирет. Жолду капиталдык оңдоо түрк тараптык гранттын эсебинен жүргүзүлмөкчү.