ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте комплекстик жеңил атлетика эстафетасы өткөрүлөт

Комплекстик жеңил атлетика эстафетасы 27-апрелде саат 10-00 до Түштүк магистраль (Байтик Баатыр менен Тынчтык проспектисинин кесилиши) көчөсүндө өткөрүлөт. “Иштерман” жылынын алкагындагы иш-чаралардын планы боюнча эстафетаны Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы өткөрөт.
 
Уюштуруучулардын айтымында, жеңил атлетикалык эстафетанын максаты Бишкек шаарында спорт кыймылын өркүндөтүү, жаштар жана өспүрүмдөр арасында спортту, дене-тарбиясын пропагандалоо, шаардыктардын ден-соолугун чыңдоо болуп саналат.
 
Иш-чараны өткөрүү жоопкерчилиги райондук администрация тарабынан бекитилген Калыстар тобуна милдеттендирилген.
 
Жеңил атлетикалык эстафетага мектептердин курама командалары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук кызматтардын, райондук администрациянын командалары катышат.
 
Эстафетанын маршруту 2 км. түзөт жана 10 этапка бөлүнөт, ал эми катышуучулар эркектер жана аялдар тобуна бөлүнөт.
 

Байгелүү орундарга жетишкен командалар баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.