ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борборубузда Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жүгүрүү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү

20-апрелде Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, ХХII Олимпиадалык оюндардын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жүгүрүү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

 

Эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылышында, мелдештин катышуучуларына Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Ш.Бакиров, шаардык кеңештин депутаттары, Сатымкул Жуманазаровдун жубайы жана баласы саламдарын жолдошту.
 
Турнирге Россия, Казахстан жана Кыргызстандан 200 атлет катышып, медалдардын 6 комплекти үчүн ат салышты.
 
Мелдеште: эркектер арасында 400 м аралыкка жүгүрүүдө П.Тернихин, 1000 м аралыкка жүгүрүүдө В.Чебруков, 10 000 м аралыкка жүгүрүүдө Ю.Чечун жеңишке жетишти. Ал эми аялдар арасында: К.Усталова 400 м, С.Белова 1000 м, Д.Маслова 5 000 м аралыкка жүгүрүүдө жеңүүчүлөр болуп калышты.
 
Мелдештин жеңүүчүлөрү шаардык спорт комитеттин медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.