ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда окуучулар арасында граждандык коргонуу боюнча практикалык окуулар өткөрүлдү

Биринчи Май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана ӨКМдин райондук бөлүмү менен биргеликте №6-орто мектепте граждандык коргонуу боюнча практикалык окууларды өткөрдү.

 

Аталган иш-чаралар ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, райондук билим берүү борборунун биргелешкен графигине ылайык Биринчи Май районунун бардык мектептеринде өткөрүлүүдө.
 
Иш-чарага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, шаардык өрт өчүрүү кызматынын, тез жардам станциясынын атайын техникалык каражаттары жана жабдуулары пайдаланылды.
 
Окуулардын жүрүшүндө №6-мектептин окуучулары өзгөчө кырдаалдарда өздөрүн алып жүрүү, башка адамдарга жардам берүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча машыгуулардан өтүштү. Ошондой эле, окуучуларга өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча кинотасмалар көрсөтүлүп, класстык сааттар, аңгемелер жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
 
Ошону менен бирге, райондук мектептердин 1-6-класстарынын окуучуларынын арасында ар кандай өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча “Жашоо коопсуздугунун негиздери” сабактары өткөрүлүп турат.
 
Окуулуардын жыйынтыгы боюнча Биринчи Май райондук администрация башчысы А.Алиев иш-чарага активдүү катышкан окуучуларга сыйлыктарды тапшырды.