ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кесиптердин жана кызматтык бош орундардын жарманкеси өкөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын кесиптик билим берүү башкармалыгы Биринчи Май райондук администрациясы менен биргеликте шаардык №5-кесиптик лицейинде кесиптердин жана кызматтык бош орундардын жарманкесин өткөрдү.

 

Аталган иш-чаранын максаты, жумушсуз жарандарга бош кызмат орундарын сунуштоо, ал эми орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптер жөнүндө маалымат берүү эле.
 
Жарманкеге иш менен камсыз кылуучу катары шаардын 18 кесиптик лицейлери жана 32 алдыңкы мекеме-уюмдары катышты. Ошондой эле, уздардын жана чеберлердин колунан даярдалган ар түркүн буюмдар көрсөтүлдү, кесипке даярдоочулар тиешелүү кесиптер боюнча өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүштү.
 
Жарманкеге орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, жумушсуз жарандар, кесипке ээ болууну каалаган адамдар келишти.